Министрлер кабинети бардык убадаларын аткарып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, жолдор, мектептер, социалдык объектилер пландалгандан ашыгы менен салынып жатат.
Ташиев ошондой эле парламентте коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканын белгиледи. Эгер президент мыйзамга кол койсо, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Камчыбек Ташиев бир нече жылдан бери мыйзамдын катаалданышынан улам өлкөдөгү коррупциянын деңгээли минимумга түшүрүлөт деген ишенимин билдирди.
"Менден коркпосо, мыйзамдан корксун", - деди Ташиев коррупционерлерди айтып.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн