Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министрлер кабинети депутаттар үчүн уюштурулган кечки тамак боюнча түшүндүрмө берди

01.07.2022 20:33
554
Министрлер кабинети депутаттар үчүн уюштурулган кечки тамак боюнча түшүндүрмө берди


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары үчүн уюштурулган кечки тамак боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.

Кечээ Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин депутаттарын Бишкектин ресторандарынын бирине бейформал кечки тамакка чакырган.

Белгилей кетчү нерсе, бул сыяктуу иш-чаралар – көптөн бери калыптанып калган салттуу көрүнүш.

Мындай бейформал жолугушуулардын максаттарынын бири – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын биргелешкен кечки тамагы бюджеттен тышкаркы каражаттардан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Өткөн иш-чарага байланыштуу чыгашаларды төлөөгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн жок жана мындан ары да бөлүнбөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн