Министрлер кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинен маалымдашкандай, документ энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ишке ашыруу жана куруу, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.

Тактап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу электр станцияларын куруу үчүн ижара келишиминин шарттары боюнча мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун берүүнүн мөөнөтү 5 жылдан 25 жылга чейин көбөйтүлдү.

Жерди ижарага берүүнүн ар кандай этаптарында инвесторлордун активдүүлүгү жок болгон учурда, жер участокторун кайтарып берүү шарттары төмөнкүдөй учурларда белгиленет:

– жер участогун алгандан кийин 3 айдын ичинде кайра жаралуучу энергиянын субъекттеринен долбоордук документтеринин жоктугу;

– жер участогун алгандан кийин 6 айдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу;

– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде кайра жаралуучу энергиянын субъекттери тарабынан курулуш иштерин жүргүзбөө.