Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Министрлер кабинети ишке ашпай калган санариптик долбоору тууралуу маалымат берди

05.08.2021 16:12
468
Министрлер кабинети ишке ашпай калган санариптик долбоору тууралуу маалымат берди

КРнын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору боюнча маалымат берди.


«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору өлкө үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан долбоор боюнча ишти күчтөндүрүү боюнча бир нече ирет тапшырмалар берилген.


Долбоорду ишке ашыруу 2018-жылы башталгандыгына карабастан, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан долбоордун 4 компонентинин бири дагы ишке ашырылган эмес, натыйжада тараптар аркылуу долбоорду реструктуризациялоо маселеси каралган.


Буга катар Дүйнөлүк банк тарабынан долбоор боюнча жыйынтык жок болуп жаткандыгы тууралуу бир нече ирет белгиленген.


Долбоорду реструктуризациялоо жөнүндө жүргүзүлгөн талкуулардын жана кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк банк долбоордун учурдагы каржылоосун токтотуп, жаңы долбоорду баштоого даярдык көрүп баштоону сунуштады.


Белгиленгендей, санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болгондугуна карабастан, тармактык ведомство тарабынан «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору боюнча техникалык тапшырмалар иштелип чыккан эмес жана стратегиялык жактан маанилүү долбоор боюнча сынактар жарыяланган эмес.


Дүйнөлүк банктын кайрылуусун, ошондой эле үч жыл аралыгындагы долбоорду ишке ашыруу боюнча канааттандырарлыксыз ишти эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу тууралуу тийиштүү тапшырмалар берилген.


Өз кезегинде Дүйнөлүк банк белгилегендей, Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүүдө мындан ары колдоого умтулат жана учурда Министрлер Кабинети жана Дүйнөлүк банк санариптик модернизациялоонун жаңы долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароодо.


Дүйнөлүк банк тобу коррупцияга карата жол бербөө саясатын карманат, алдамчылык жана коррупция боюнча билдирүүлөр олуттуу түрдө каралат жана Алдамчылык жана коррупциянын алдын алуу көзкарандысыз департаменти тарабынан иликтенет.


Ошол эле учурда министрлер кабинетинин жетекчилигинин коррупциялык көрүнүштөргө байланыштыгы боюнча чындыкка дал келбеген маалыматты таркатууну туура эмес деп эсептейбиз.


Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү тарабынан 2018-жылдын 12-июнунда документти ратификациялоо жөнүндө маселени кароодо келишим долбоорунун үчүнчү жана төртүнчү компонентин алып салуу сунушталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн