Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Министрлер кабинети көмүрдүн баасын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик жөнгө салуу киргизди

12.10.2021 13:12
352
Министрлер кабинети көмүрдүн баасын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик жөнгө салуу киргизди

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн