Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Министрлер кабинети купулга толдубу?

07.05.2021 12:39
1441
Министрлер кабинети купулга толдубу?


5-майда президент жаңы Конституцияга кол койгондон соң, жаңы министрлер кабинетинин курамы да бекитилди. Бул жолу министрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешке барып, депутаттардын алдынан өтпөдү. Мамлекет башчысынын кол койгон жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана кабинеттин мүчөлөрү дайындалды.


Жаңы дайындоолор, жаңы курамда олуттуу деле өзгөрүү болбоду. Министрлер кабинетинин төрагасы болуп мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов, биринчи орун басарлыгына Артем Новиков, төраганын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, төраганын орун басары Жылдыз Бакашова, дагы бир орун басарлык кызматка санариптик өнүктүрүү министри кызматын кошо жетектей турган Азамат Дыйканбаев дайындалды.


Министрлик кызматтардан бир гана Билим берүү жана илим министри алмашты. Мурдагы министр А. Бейшеналиевдин ордуна Болотбек Купешев келди. Калган министрлер ордуларында калды. Ошентип мурдагы өкмөттүн түзүмүнөн айырмаланып, министрлер кабинетинде эки министрлик, бир комитет, үч агенттик, бир кызмат жаңы түзүлдү.


Жаңы Конституцияга ылайык, эми министрлер кабинетин да президент өзү башкарат. Бардык жоопкерчилик мамлекет башчысынын мойнуна жүктөлөт. Албетте, жаңыдан гана дайындалган министрлер кабинетине кандайдыр бир сын айтууга азырынча эрте. Бирок, ушул эле курам (анча-мынча гана алмашууларды эске албаганда) акыркы бир нече айдан бери иштеп келатканын эске алганда, бул команда кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөрдү жасап жиберет деп айтуу да кыйын. Министрлердин арасынан көзгө көрүнөөрлүк иштеп жатканы Алмаз Бейшеналиев (мурдагы билим берүү жана илим министри) эле. Анын кызматтан кетип, ордуна мурда-кийин аты коомчулукка кеңири белгилүү болбогон Болотбек Купешевдин келиши көпчүлүктү кубандыра алган жок. Буга чейин ал мектеп директору, шаардык кеңештин депутаты, эки райондун акими кызматтарын аркалаган экен. Бирок, билим берүү жана илим жаатында өзгөчөлөнгөн иш-аракеттери байкалган эмес.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да анчейин коомчулуктун купулуна толбой турат. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын чыгышына да У. Мариповдун Төрт-Күл суу сактагычынын башындагы суу бөлүштүрүүчү жай тууралуу адашып айткан сөзү себеп болду дегендер бар. Тажик тараптын куралдуу кол салуусу орун алган күнү Марипов Татарстанда жүргөнү белгилүү. Ал жактан келгенден кийин Ошко чейин барып, Баткенге жетпей кайра кайтып келгенине да нааразы болгондор жок эмес.


Жаңыдан түзүлгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлык кызматына баргандардын бири – бул Улуттук китепкананын мурдагы директору Жылдыз Бакашева. Филология илимдеринин доктору, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Илим жаатында жана коомдук иштерде дайыма өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Андыктан анын бул кызматка дайындалышын туура кадам катары баалоого болот. Жогорку бийлик баскычтарында илимий чөйрөнүн белдүү өкүлдөрүнүн болгону жакшы.


Дагы бир орун басар Азамат Дыйканбаевдин да өмүр-таржымалы, анын мамлекеттик кызматтарда бай тажрыйбасы бар экенинен кабар берип турат. Ал финансы жана экономика министрлигинде катардагы кызматкерден башкармалыктын башчылыгына, статс-катчылыгына чейин жетип, президенттик администрацияда эксперт, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Андыктан ал бул кызматты татыктуу аркалап кете алат деген ишеним бар.


Ал эми калган министрлердин ким экенин коомчулук акыркы бир нече айдан бери жакшы билет. Олуттуу реформаларга бара ала тургандай кадамдарын азырынча байкай элекпиз. Эми жаңы Конституциянын толук кандуу иштеп кетишине ылайыкташкан жаңы мыйзамдар кабыл алынганга чейин ушул министрлер кабинети иштеп турат. Андан кийин алмашуулар орун алышы мүмкүн. Ошого чейин алардын өз дараметтерин толук көрсөтүүгө убактылары бар.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн