Бугу 01, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Министрлер кабинети менен Google корпорациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

18.04.2024 16:01
168
Министрлер кабинети менен Google корпорациясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту


Министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Вашингтон шаарына (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Министрлер Кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүүнү трансформациялоо жаатында кызматташуунун мындан аркы кадамдары жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, Американын Google трансулуттук корпорациясынын өкмөт менен байланыштар жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исакович менен жолугушууда «Алтын Казык» («Полярная звезда») мектептик билим берүү системасын трансформациялоо программасы тааныштырылды.

«Биз аймактагы Google Education менен кызматташкан биринчи өлкө болгонубуз менен сыймыктанабыз жана мугалимдерибизге жана мектеп окуучуларына эң алдыңкы билимдерди өздөштүрүүгө жардам бере турган эң алдыңкы иштеп чыгууларды Кыргызстандын бардык мектептеринде колдонобуз. Билим берүү тармагында Google менен кызматташуубуз биринчи кадам гана болушу керек. Биздин командалар булуттук ресурстарды өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жасалма интеллект программаларын иштеп чыгуу жаатында иш алып барууда», — деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Google компаниясынын өкмөт менен байланыштар жана коомдук саясат боюнча вице-президенти Марк Исаков мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

«Сиздин өлкөңүздүн билим берүү тармагындагы келечекке болгон көз карашыңыз биздин көз карашыбызга дал келгенине жана бул көз карашты ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз. Сиз Кыргызстанда адамдык капиталды түзүүгө умтулуп жатканыңызды билебиз жана биз бул аракеттерди колдогубуз келет», - деди ал.

Белгилей кетсек, Google мектептик билим берүү системасын трансформациялоо үчүн «Алтын Казык» программасын колдоого алат.

Google окуу процессинде бул куралдарды ишке ашырууга жана практикалык колдонууга оптималдуу жана келечектүү ыкмаларды тандоодо эксперттик жардам көрсөтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн