Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Министрлер кабинети менен ЖКнын депутаттары жолугушту

07.02.2022 19:56
805
Министрлер кабинети менен ЖКнын депутаттары жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.


Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн