Өлкөдө "Кыргыз мунай компаниясы" ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон.
Маалыматка ылайык, ишкана өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздай турганы күтүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу компаниянын уставы бекитилип, Юстиция министрлигинде каттала турганы белгиленген.
Чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн