Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 809 “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу токтом кабыл алынды.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул токтом жаңы редакцияда кабыл алынган КР Эмгек кодексине ылайык, КР мыйзамдарын системалаштыруу максатында иштелип чыккан.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому менен беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2025-жылдын бир катар дем алыш күндөрү 2025-жылдын январь жана май айларынын башка күндөрүнө жылдырылган.
Бирок 2025-жылдын 28-январында КР Эмгек кодексинин жаңы редакциясы (мындан ары – Эмгек кодекси) күчүнө киргендиктен, дем алыш күндөрүн которуу боюнча токтомду жокко чыгаруу зарылчылыгы келип чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн