Министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин жыйыны өттү.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган “2025-2030-жылдарга Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” чечим кабыл алды.
Министрлер кабинети көмүр логистикалык борборунун конвейердик транспорт менен ишин уюштуруу жөнүндө Жобону бекитти. Документ экспорттук потенциалды өнүктүрүү жана көмүр тармагынын логистикалык инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун аймагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде КР министрлер кабинети менен Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD ортосунда “Эркечтам-автодорожный” өткөрүү пунктуна жакын жерде конвейердик ленталуу көмүр логистикалык борборун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мындан тышкары, КР министрлер кабинети менен “Базальт Эвотек” ЖЧКсынын ортосундагы Үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүү боюнча заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды. Завод жылына 5 миң тоннага чейин продукция чыгарат. Белгилей кетсек, 2024-жылдын июль айында Министрлер Кабинети 2024–2030-жылдарга “Базальт булалары жана материалдары” мамлекеттик программа бекитилген.
Адылбек Касымалиев минкаб өлкө аймактарында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн