Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант беришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Ант бергендер:
- Догдуркүл Кендирбаева - билим берүү жана илим министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттык сактоо министри;
- Нурия Кутнаева - санариптик өнүктүрүү министри;
- Гүлнара Баатырова - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- Мелис Тургунбаев - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өз кезегинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө ден соолук, иштерине ийгилик каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн