Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Министрлер кабинетинин төрагасы ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

12.03.2024 14:51
123
Министрлер кабинетинин төрагасы ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Бакытжан Сагинтаевди Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, көп жылдык тажрыйба жана биримдиктин учурдагы өнүгүүсүнүн бардык аспектилерин билүүсү, ЕАЭБдин потенциалын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар евразиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өз ара соодада товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, Биримдик комиссиясынын ыйгарым укуктарын күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн