Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Дыйканбаев "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында суракка чакырылган.
Дыйканбаев азыркы учурда суракта. Аны кармоо боюнча азырынча маалымат жок. УКМК аталган иш боюнча расмий маалымат берерин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн