Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Министрлер кабинетинин төрагасы: Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда

04.04.2024 12:53
205
Министрлер кабинетинин төрагасы: Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда


Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жалпы жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстан боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылып, коллегиялык жыйындар өткөндүгүн айтты.

"Келерки жылдын пландары бекитилди. Жылдын 1-чейреги аяктады. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүүнү сактап жатканын белгилегим келет. 2022-жылы ИДП 9% түздү, биз 2023-жылды 6,2% өсүү менен аяктадык. Номиналдуу ИДП: маселен 2020-жылы ИДП 639,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетип, ал 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетти", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле пандемияга чейинки мезгилдеги эң оор мезгил дайыма 1-квартал болгонун эске салды. Каражаттын жетишсиздигинен жумуш өз убагында башталбай, көрсөткүчтөр төмөн бойдон калып келген.

“Бул биздин экономиканын акыркы жылдары калыптанып калган жана акырындап өнүгүп келе жаткан пост-ковид жана геосаясий кырдаалга ыңгайлашып жатканын далилдейт.Ошол эле учурда жалпы инфляция процесси 2023-жылы жыл башындагы 14,7%дан 7,3кө чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын акырына карата көрсөткүчтөр 6,5%дан 5,5%га чейин болоору болжолдонууда.Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда”, – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн