Марипов Улукбек Асамидинович премьер-министр кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми Новиков Артем Эдуардович биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн