Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча сунуш ЖК комитетине түшкөнү кабарланды

12.10.2021 13:52
587
Министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча сунуш ЖК комитетине түшкөнү кабарланды

Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 12-октябрда «Азаттык»  радиосу ишенимдүү булактарына шилтеме берип билдирди.


Азыркы экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагалыгына, анын биринчи орун басарлыгына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев сунушталып жатканы, ал азыркы кызматын да сактап калары айтылууда.


Орун басарлыкка Финкөзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев жана азыр төраганын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Азис Аалиев сунушталды.


Каржы министрлигине Алмаз Бакетаев, Экономика министрлигине Данияр Амангелдиев дайындалары айтылып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн