Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Министрлик “Дежавю” спектакли эмне үчүн коюлбаганын түшүндүрдү

20.05.2022 18:27
1398
Министрлик  “Дежавю” спектакли эмне үчүн коюлбаганын түшүндүрдү



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында жаңы иштелип чыккан “Дежавю” спектакли тууралуу коомчулукта болуп жаткан талкуулар боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Театр искусствосу багытындагы укуктук нормаларга ылайык, жаңы коюлган спектакль элге тартуулануунун алдында бир канча процедурадан өтүш керек. 


Буга ылайык, спектакль 2022-жылдын 19-майында пьесанын автору Алексей Торктун катышуусунда Министрликтин алдындагы Көркөм эксперттик комиссиянын (мындан ары – КЭК)көрүүсүнө коюлду. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлер союзунун президенти Ж.Кулманбетов баштаган комиссия, театр сынчылары, театр жетекчилиги, койгон режиссер жана башка театр тармагындагы адистер катышты.


 КЭКтин Жобосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, спектаклде жаш муундарга, көрүүчүлөргө терс таасир тийгизе турган жана улуттун аброюна шек келтирген, согушту, улут аралык араздашууну, порнографияны, зордук-зомбулукту пропагандалаган чыгармалардын таркалуусуна жол берилбеши керектиги көрсөтүлгөн.


КЭК спекталдин идеясынын бүтүндүгү, ролдордун сапаттуу аткарылышы аркылуу образдын толук ачылышы сыяктуу талаптар менен катар мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптардын бузулбашына анализ аркылуу баа берет. 


Мындан улам, Комиссия спектаклди карап чыгып, спектакль коюуга чыгыш керектигин, бирок формасы, мазмуну жагынан сынчылар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштардын негизинде аягына чейин иштеп чыгуу сунушталды. Спекталь КЭКтин кароосунан кайрадан өткөндөн кийин көрүүчүлөргө тартууланат. Ал эми кабыл алына элек спектаклди репертуарга койгон театр жетекчилигинин жана коомдук талкууга алып чыгып, ар түрдүү пикир жараткан кызматкердин иш-аракети мыйзам чегинде каралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн