Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Министрлик 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүү маселесин уюштурууну карап чыгуусу шарт, - өкмөт

27.08.2020 15:27
983
Министрлик 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүү маселесин уюштурууну карап чыгуусу шарт, - өкмөт


Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Отурумда окуучулар жаңы окуу жылында кандай тартипте билим алары жана мектептерде санитардык- эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы угулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат, калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. Эпидемиологиялык кырдаалга жараша билим алуунун кийинки тартиби Республикалык штабдын отурумдарында каралып турмакчы.

Премьер-министр биринчи класстын окуучулары окуй турган мектептерде санитардык-гигиеналык нормалар так сакталышы керектигин белгиледи.

«Тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын тыкыр сакталышын камсыздоого мектеп жетекчилиги жооптуу. Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алуу менен, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн сыналгы жана уюлдук телефон менен камсыз кылуу маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Премьер-министр штаб тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына берилген тапшырмалардын сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Ошондой эле өкмөт башчы коомдук транспортто санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын туруктуу негизде көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн