Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Министрлик Баткенде жарадар болгондор үчүн кан тапшырууга чакырды

16.09.2022 15:12
476
Министрлик Баткенде жарадар болгондор үчүн кан тапшырууга чакырды

Жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, республикадагы бардык борборлору кан кабыл алууга даяр.


Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин;

Ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин.

Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу шарт.


Кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек.


Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн