Теке 27, 2024
Убакыт: 06:43
USD
EUR
RUB

Министрлик Бишкек-Балыкчы темир жол каттамын Караколго чейин узартууну пландоодо

28.09.2023 15:34
297
Министрлик Бишкек-Балыкчы темир жол каттамын Караколго чейин узартууну пландоодо


Транспорт министрлиги Бишкек-Балыкчы темир жол каттамын Караколго чейин узартып, ал жактан ылдам жүрүүчү поездди ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди.


Анын айтымында, эл Бишкектен Караколго бир жарым-эки саатта жете алат.


«Долбоор 4,5 миллиард долларды талап кылат. Учурда Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле Луговая – Балыкчы каттамындагы темир жолду электрлештирүү маселеси боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Ырысбек Бариев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн