Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 22:56
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Министрлик: Токтогул ГЭСин реканструкциялоо иштеринин 80%ы аяктады

06.09.2024 14:06
256
Министрлик: Токтогул ГЭСин реканструкциялоо иштеринин 80%ы аяктады


Жарым жылда Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштарынын 80 пайыздан ашыгы бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.


"№1 гидроагрегаты ишке киргенден кийин Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарып, күз-кыш мезгилине калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, кубаттуулугуна кошумча дагы 60 мегаватт кошулат", — деп жазылат маалыматта.


Эскерте кетсек, ГЭСти оңдоп-түзөө иштери мартта башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн