Бугу 06, 2024
Убакыт: 09:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бала бакчалар кандай шартта иштеп баштайт? Министрликтин жообу

02.09.2020 12:38
939
Бала бакчалар кандай шартта иштеп баштайт? Министрликтин жообу

Бала бакчалар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалылматка ылайык, июнь айында Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бала бакчалардын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында буйрук чыгарган эле. Бирок кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кеткендиктен бала бакчалардын баары жабылган.

"Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар иштей берет. Тагыраагы, ошол аймактагы кырдаалга жараша ачылат. Бирок алар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин алгоритмин, талаптарын аткарууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн