Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:54
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Министрлик балдарды мектепке электрондук түрдө каттоо эмне үчүн үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү

11.04.2022 12:27
586
Министрлик балдарды мектепке электрондук түрдө каттоо эмне үчүн үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү




Кыргызстанда 2022-жылдын 11-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин mektep.edu.gov.kg сайтында мектептерге жана бала бакчаларга каттоо башталды. Саат 9:00дөн кийин колдонуучулардын көп агымынан улам техникалык мүчүлүштүктөр келип чыкты. 


Күндүн жүрүшүндө, жаралган көйгөйлөр адистер тарабынан чечилет, системада колдонуучулардын санынын көптүгүнөн улам, мезгил-мезгили менен көйгөйлөр жаралып туруусу мүмкүн, анткени, арыз толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүүчү жана автоматташтыруучу бир нече маалымат базаларын интеграцияланган татаал архитектурага ээ.

Ата-энелерден түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз, бардыгы каттоодон өтө алат деп ишенебиз.

Арызды толтуруу тартиби жөнүндө көптөгөн суроолор келип жаткандыгын кошумчалайбыз, алардын көп кайталангандары:

Колдонуучу ат менен сырсөздү кайдан алсам болот?

Жооп: Каттоо үчүн алгач өзүңүздүн жеке кабинетиңизге кирүүнүн кереги жок, арыз берүү үчүн бардык керектүү саптарды толтуруп, тиешелүү документтерди (пайда алуучулар жана баланын мыйзамдуу өкүлдөрү) “Мектепке тапшыруу” же “ Бала бакчага тапшыруу» бөлүмү. Ийгиликтүү каттоонун жыйынтыгы сиздин электрондук дарегиңизге жөнөтүлөт.

Мектепке же бала бакчага бир сайт аркылуу катталабы?

Жооп: Ооба, мектепке жана бала бакчага кабыл алуу mektep.edu.gov.kg бирдиктүү сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Башка суроолорго жоопторду жана толук маалыматты төмөнкү номерлерден алууга болот:

• Чалуу борбору: 119

• Техникалык жардам: 0 (312) 988 940

• 0220 022 196

• 0220 022 183

• 0220 022 381

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн