Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министрлик эмне үчүн 7 миңдей шыпыргы сатып алганын түшүндүрдү

16.12.2021 11:26
1295
Министрлик эмне үчүн 7 миңдей шыпыргы сатып алганын түшүндүрдү


Саламаттыкты сактоо министрлиги Кара-Суу районунун жалпы врачтык практика борбору эмне үчүн көп өлчөмдө шыпыргы сатып алганын түшүндүрдү.


Ош облусунун Кара-Суу районунда 450-500 миң адам жашайт. Оорукананын карамагында 27 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 76 ФАП жана Коомдук саламаттыкты сактоо борборунун Кызыл-Суу, Шарк, Курманжан Датка жана Кызыл-Кыштакта төрт филиалы бар.


«Сатып алынган 6800 шыпыргы 10 айга жана облустун 107 медициналык уюмуна бөлүнсө, айына 5-6 шыпыргыдай туура келет. Андан азыраак сатып ала албайбыз. Маселен, Коомдук саламаттыкты сактоо борборунун Кара-Суу филиалынын төрөт бөлмөсүнө эле цинктелген үч чака керектелет. Ал жерде 8 төрөт бөлмөсү бар, демек 24 чака керек. 50-60 даана бир жылга жетет. Төрөт бөлүмүнөн сырткары дагы 8-10 бөлүм бар. Бул бир гана борбордо», — деп билдирди оорукананын директору Гүлкайыр Муратова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн