Бугу 05, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Министрлик интернеттин үзгүлтүккө учурашы тууралуу маалымат берди

24.10.2022 12:33
264
Министрлик интернеттин үзгүлтүккө учурашы тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү.


Маалым болгондой, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.


“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн