Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:25
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Министрлик иштеп баштаган мекемелерге бир катар милдеттерди койду

01.05.2020 11:03
1079
Министрлик иштеп баштаган мекемелерге бир катар милдеттерди койду


Кыргызстанда өз ишин жандандырууга уруксат берилген ишканалар коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча дайындалган эрежелерди так сактоолору милдеттендирилет. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, 1-майда айрым чектөөлөр алынып, кээ бир ишкерлерге уруксат берилди. Мындан улам ал мекемелердин жетекчилери илдетти ооздуктоосу үчүн төмөндөгүдөй эрежелерди так сактоолору шарт.


Алар өзүнүн кызматкерлеринин чакан тобу чыгуусу үчун график иштеп чыгуу, транспорт каражатын уюштуруп берүү, унаа ичинде аралыкты сактоо жана автоунааны жууп тажалап, дезинфекциялап туруусу милдеттендирилет. Мындан тышкары мекеме-заводдун ичин желдетип туруу зарыл.


Кеңседе 1, 1-5 метр аралык сакталышы керек жана кире беришинде антисептик каражат колдонулушу шарт. Сөзсүз түрдө кеңсе ичинде буюмдарын, уюштруу техникаларын тазалап туруу, кардар келип кеткен сайын кеңсени дезинфекциялоо, андан тышкары бөлмөлөрдү 15 минут сайын желдетип туруу.


Кызматкерлер колду бат-баттан жууп туруусу үчүн жуунучу жайларды уюштуруу. Кол алышпай учурашуу жана коштошуу сунушталат жана кучакташууга тыюу салынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн