Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министрлик коомдук унааларда санитардык эрежелерди сактоого чакырды

26.05.2020 10:23
899
Министрлик коомдук унааларда санитардык эрежелерди сактоого чакырды


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук транспорттордун жүрүшү менен бардык элди жана айдоочуларды санитардык эрежелердин талаптарын сактоого чакырды.


Анын айтуусунда, коомдук унааларда социалдык аралыкты сактап жана эл көп чогулган жерге барбай туруу керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө беткап тагынып, жанында антисептик каражаты болууга тийиш. 


Беткапты таза абада жүргөндө эмес, эл көп чогулган, жабык мекемелерде кийип жүрүү керек. Коомдо COVID-19 менен симптомдору билинбестен ооруп жаткан адамдар бар, мындан улам беткап кийүү зарыл. Андан сырткары беткап тагынуу менен адам өзүн башка респиратордук вирустардан да коргой алат, - дейт Усенбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн