Өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселесин чечүү үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча министрлер кабинетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, каражат нефтетрейдерлерге күйүүчү май сатып алууга багытталат.
«Бүгүнкү күндө республиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу коркунучу бар. Финансы министрлиги анын алдын алуу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө»,- деди Бакетаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн