Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:35
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Министрлик медициналык жогорку окуу жайлардын лицензиясын кайтарып алуу процессин токтотту

25.07.2022 12:48
542
Министрлик медициналык жогорку окуу жайлардын лицензиясын кайтарып алуу процессин токтотту


Кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапкан медициналык окуу жайлардын ишине уруксат берилди. Бул тууралуу министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министрликтин 12 медколледждин лицензиясын артка чакыртып алууга укугу жок болгон. Ошого карабай министр өзүнүн буйругун чыгарып жаап салган. Эми ал буйрук жокко чыгарылды.

Министрдин орун басары университеттер дагы ишин уланта турганын белгиледи.

"Мен жоопкерчиликтүү түрдө айтып коёюн, азыр бардык университеттер абитуриенттерди жайбаракат кабыл ала берсе болот. Министрлик тараптан аларга эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок учурда ведомстволор аралык комиссия бардык укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгып лицензиялык талаптарды даярдайын деп жатат. Эгер ошол талапты сактабаган университеттер болсо лицензиясын артка чакыртып алабыз", - деди Касымбеков.

Ошондой эле ал министрликтин алдында түзүлгөн комиссия медициналык окуу жайларга 2022-2023-окуу жылында тийбей турууну чечкенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн