Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министрлик мектептерде карантин киргизүү маселесин карап жатат

12.12.2022 15:38
408
Министрлик мектептерде карантин киргизүү маселесин карап жатат

Мектептерге карантин режимин киргизүү маселеси эпидемиологдордун ишинин жыйынтыгы менен чечилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.


Анын айтымында, мектептерде Санэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлүүдө.


“Алардын отчетуна жараша мектептерде балдар арасында оорунун жайылышына жол бербөө үчүн карантин режимин киргизүү маселеси чечилет. Учурда балдардын сабактарды калтыруусу 5 пайызды (эпидкөрсөткүч 20 пайыз) түзөт. Рейддин жыйынтыгында көрсөткүч өсүп кетсе, анда комиссия чогулуп, карантин маселесин карайт”, - дейт ал.


Министр учурда балдар арасында курч респиратордук вирустук оорунун өсүшү байкалып жатканын айтат.


“Республика боюнча орундуктардын санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн