Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 15:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Министрлик мектептерде медициналык класстарды ачууну пландап жатат

17.03.2021 21:38
620
Министрлик мектептерде медициналык класстарды ачууну пландап жатат

КР Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде медициналык кабинеттерди ачууну пландоодо, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.


Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана Концепциясын иштеп чыгууда ушул кезде дары-дармектерди кабыл алуу жана инъекцияны алуу үчүн зарыл болгон шарттардын жоктугунан жалпы билим берүү уюмдарына бара албай жатышкан ар кандай оорусу бар адамдардын айрым категорияларынын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе өзүнчө каралган.


Маселен, кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүлүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун болсо, мектепте окуй алышат. Талма оорусу кээде эле кармай калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо, кадимки класста окуй алышат. Башкача айтканда, медициналык мектептерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.


2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачуу, жабдуу жана медайымдын ставкасын (0,25тен 1 ставкага чейин) киргизүү пландалууда, ошол эле учурда медициналык кабинеттерди жабдууга 386,7 млн сом көлөмүндө кошумча каржылоо зарыл. Жалпы билим берүү уюмдарында ачылган медициналык кабинеттердеги медициналык кызматкердин эмгек акысы 232,1 млн сомду түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн