Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Министрлик ноябрга чейин 3 миллион калкты эмдөөнү пландап жатат

Министрлик ноябрга чейин 3 миллион калкты эмдөөнү пландап жатат

2021-жылдын ноябрына чейин калкты эмдөөдөн өткөрүп бүтүрүү керек. Мындай пикирин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова Биринчи радионун эфиринде билдирди.


Анын айтымында, эсептөөлөргө ылайык, 3 миллионго жакын адамды эмдөө пландаштырылууда.


"Өкмөт "Дүйнөлүк Банк", "Азия Өнүктүрүү Банкы", "Ислам Өнүктүрүү Банкы" жана башка бюджеттик каражаттарга вакциналарды сатып алуу планын иштеп жаткан донорлор менен иштешүүдө",- деди ал.


Ишенаписова эмдөөлөр жөнүндө айтып жатып, сурамжылоонун негизинде адамдын ооруп же оорубагандыгы аныкталаарын айтты.

Эмдөөнүн биринчи этабы март-апрель айларына пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн