Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Министрлик пионерлердин 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча түшүндүрмө берди

24.05.2022 11:53
383
Министрлик пионерлердин 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча түшүндүрмө берди

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пионерлердин 100 жылдык маарекесине байланыштуу телефонаграмма боюнча түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, мааракени белгилөөнүн саясий жана идеологиялык максаты жок. Аны уюштурууну мамлекеттик катчы  колдогон. Жусупбекова белгилегендей, пионердик иш-чараларды белгилөөгө уруксат берүүдө министр жана жалпы жетекчилик менен кеңешкен эмес.

«Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам», — деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм. Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген. Бирок министр, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм» , — деп жазылат түшүндүрмөдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн