Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министрлик "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу сотко кайрылды

23.01.2023 14:04
713
Министрлик "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу сотко кайрылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык Медиа» сайтына жазып чыкты.

Маалыматта министрлик Бишкектин Ленин райондук сотуна «Азаттык Медианы» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Бул тууралуу министрлик «Азаттыкка» маалымкат жиберген.

«Сотко жолдогон доо арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн», -деп айтылат «Азаттыктын» маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн