Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:51:00
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Реалдуу окутуу башталса, мектепке биринчи кезекте кайсы класстын окуучулары келет?

02.09.2020 17:03
1213
Реалдуу окутуу башталса, мектепке биринчи кезекте кайсы класстын окуучулары келет?


Реалдуу режимдеги окутууга өтүүнүн бир нече варианттары бар экендиги тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде билдирди. 


«Эгер кырдаал туруктуу болсо, менин оюмча, биздеги варианттар боюнча биринчи кезекте мектепке 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары келишет. Бирок, 2-класстарды да биз унутта калтырган жокпуз. Анткени алар 1 жыл гана окушту, анда да былтыркы окуу жылы толук болгон жок. 9 жана 11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Алар канчалык реалдуу окушса, ошончолук жыйынтык жакшы жана балдардын өзүнө болгон ишеничи жогору болот. Эмне үчүн 5-класстар? Анткени алар башталгыч мектептен жогорку класска которулат. Аларга ар башка мугалимдер билим бере баштайт. Ошондуктан аларга оор болуп жатат», - деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал эң башкысы балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугу экенин белгиледи.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Усенова
Чет тилин жаңыдан үйрөнүп баштаган 3-класстын окуучуларын да мектептерде эле окутса болмок