Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министрлик: санариптештирүүнүн алкагында 255 жумушчу орун түзүлдү

06.03.2024 09:27
225
Министрлик: санариптештирүүнүн алкагында 255 жумушчу орун түзүлдү


Санариптештирүүнүн алкагында Кыргызстанда 255 жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.


Билдирмеге караганда, аймактарда жаштар үчүн стартаптар сынагы болуп, анын жыйынтыгында өлкөнүн бардык жеринен 10 санариптик стартап долбоору каржылык колдоо алган. Натыйжада 255 жумушчу орун түзүлгөн.


Маалым болгондой, Эмгек министрлиги "Эмгек рыногунун маалыматтык тутумун" ишке киргизген. Бүгүнкү күндө иш издеп жүргөн 96 миң жаран эмгек рыногунун маалыматтык системасынын каттоосунда турат. Ар бири үчүн эсепке алуу системасы жүргүзүлөт жана иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар жазылат.


"Занятость.kg" маалымат порталы интеграцияланган, ага жумуш издөөчү катары катталып, бош жумуш орундар тууралуу маалымат алса болору белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн