Бугу 12, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Министрлик жана ведомство жетекчилеринин орун басарларынын саны кыскарат

27.10.2023 14:49
376
Министрлик жана ведомство жетекчилеринин орун басарларынын саны кыскарат


Министрлер кабинети министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын оптималдаштырды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинети төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул чечимге ылайык 14 аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында министрлердин орун басарларынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын 9 штаттык бирдиги кыскартылат.

Алар:

  • Экономика жана коммерция министрлиги;
  • Финансы министрлиги;
  • Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Айыл чарба министрлиги;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
  • Санариптик өнүгүү министрлиги;
  • Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонду.

Мындай чечим, президенттин “Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын санын кыскартууну караган токтом кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жогоруда аталган Жарлыгын аткаруунун алкагында төмөнкү маморган жетекчилеринин орун басарларынын саны кыскартылган:

  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги;
  • Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги.

Мындан тышкары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин системалуу уюштуруу максатында Министрлер Кабинетинин бул чечими министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган айрым жоболорду карайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн