Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:21
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Министрликке бир тез жардам унаасы, 10 кычкылтек концентратору тапшырылды

12.08.2020 11:32
928
Министрликке бир тез жардам унаасы, 10 кычкылтек концентратору тапшырылды


Саламаттыкты сактоо министирлигине керектүү медициналык жабдуулар орнотулган "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү бир тез жардам унаасы жана 10 даана кычкылтек концентратору тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өлкөдөгү ири интернет-провайдер “Акнет” компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн гуманитардык жардамды  министр Сабиржан Абдикаримов кабыл алды.


Министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов “Акнет” компаниясына ыраазычылыгын билдирип, кабыл алынган гуманитардык жардам кайсы аймакка таратылаарын айта кетти.


"Кычкылтек концентраторлору Бишкек шаары, Нарын, Ош облустарында жаңы салынып жаткан бейтапканаларга таратылып берилмекчи. Ал эми ыкчам медициналык жардам көрсөтүү унаасы ордо калаадагы автопарктын катарын толуктайт”, - деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн