Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Министрликтер менен ведомстволордун кыскарышы - арифметикалык санын кыскаруусу эмес

02.02.2021 15:37
712
Министрликтер менен ведомстволордун кыскарышы - арифметикалык санын кыскаруусу эмес


Бири-бирине кийлигиштирип, сыйлыгыштырып салуу менен иштин натыйжалуулугу жакшырбайт, тетирисинче кай бир маселелердин чечилиши чоюлуп, кошумча бюрократия пайда болот.

Мисалы, мурда кайсы бир Агенттиктин жетекчиси жоопкерчиликти өзүнө алып чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болсо, кайсы бир министрликке сыйлыгышып калгандан кийин адегенде өзү түшүнүп маселелени чоо жайын, анан барып министрдин орун басарына кирет, ага түшүндүрөт, ал түшүнсө андан ары министрге киришет, анын чолосу тийип кабыл алгыча бир нече күн өтөт, анан дароо түшүнсө жакшы, түшүнбөсө дагы бир топ убакыт кабинеттен кабинетке кирип жүрө бермей болуп калат... Иштин темпи солгундайт. Оптималдаштыруу деген бул министрликтер менен ведомстволордун санынын арифметикалык кыскаруусу эмес, бул деген меселелердин ыкчам жана натыйжалуу чечилишин камсыз кылуу, тармак үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу, жөнү жок макулдашууларды, аркы-берки документтердин көчүп жүрүүсүн азайтуу. Мамлекеттик башкаруудагы структуралык реформа кандайдыр бир концепцияга, аныкталган стратегияга баш ийдирилиши зарыл, өтө тыкыр жасалган функционалдык анализге негизделиши шарт. Жөн эле көз божомол менен чолок логикага салып жасай салчу иш эмес. Кесепети Өлкө үчүн, эл үчүн жаман болот.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн