Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Министрликтердин санын кыскартуу аракети кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн?

11.02.2021 14:57
656
Министрликтердин санын кыскартуу аракети кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн?


Премьер-министр Улукбек Марипов кызматка дайындалып жатканда өкмөт мүчөлөрүн 22ден 16га чейин кыскартуу тууралуу планы бар экенин билдирип, анын бул планы ишке ашып, учурда 16 мүчөдөн турган министрлер кабинети иш жүргүзүүдө. Көпчүлүк эксперттер бул кадам шашылып жасалып калганын, анын кесепети оор болорун эскертүүдө.


Белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев буга чейин өкмөттүн структурасын шашпай өзгөртүү керектигин, антпесе көп убакыт аны мыйзамдаштырууга кетип каларын, бул аралыкта мамлекеттик структуралар таптакыр шал болуп каларын эскерткен.


“Кырдаалды жөнгө салыш үчүн өкмөттүн структурасын реформалоону жаңы Конституция кабыл алынганга, Жогорку Кеңештин шайлоосу өткөнгө чейин токтотуп туруш керек. Ал эми Жумушчу топ 4 ай (февраль-май) структурага анализ жасап, өкмөттүн жаңы структурасын кылдаттык менен иштеп чыкса. Бул маселеде шашыштын кереги жок. Азыр сунуш кылып жаткан структурага өтө чоң суроолор бар. Анын үстүнө жаңы министрлер кабинети министрликтерди, мекемелерди реорганизациялоого жетишпейт. Ал үчүн жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынышы керек. Ага жарым жыл кетет. Аны ким жасайт? Бул учурда башкаруу тармагы таптакыр шал абалга кептелет”, - деген Каптагаев.


Чынында азыркы учурда көпчүлүк мамлекеттик мекемелерде жумуш токтоп турат. Ошол эле учурда 5 миңдей биздин жарандар жумушсуз калат. Алардын ар биринин үй-бүлөсүндө үчтөн киши боло турган болсо 15 000 жараныбыз күнүмдүк кирешесинен ажырайт. Албетте, бул жакырчылыкка түртөт. Ансыз да жумушсуздук күч алып жатканда 5-6 миң адамды көчөгө айдап чыгуу маселени тескерисинче татаалдандырат.


Заматта эле баарын кыскартып, жоюлган структуралардын милдетин кайсы тармактарга жүктөөнү жолго коюу бир топ убакытты талап кылат. Азыркы өкмөт ага баш оорутуп жатканда коомдо топтолгон көйгөйлөр унутта калып, эл арасында бийликке нааразычылык күч алат. Бул барып социалдык жарыялууга алып келиши ыктымал. Андыктан кыскартуулар жана оптималдаштыруу аракеттерин шашпай жасоо зарыл. Өз жолу менен.

 

 Канатбек Аскаров

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн