Министрлер кабинети өлкө боюнча 2200 мектепте психолог штатын киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу 12-мартта парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Андан балдардын суицид, мушташ боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурашты.
«Мындай көйгөй бар. Азыр балдардын арасында психикалык көйгөйлөр бар. Баарыбыз өспүрүм болгонбуз, бул абдан кыйын. Бул учурда мугалимдер, ата-энелер, коомчулук көңүл бурушу керек», - деп жооп берди Байсалов.
Ал министрлер кабинети ЖОЖдордо психология адистиги боюнча бюджеттик орундарды ачып жатканын айтты. 1-2 жылдын ичинде толугу менен ишке киргизилет.
«Азыр ар бир мектепке жашы жете электердин иштери боюнча инспектор дайындалып, кабинеттерди ачып жатабыз. Жергиликтүү бийлик, мектептер жана ата-энелер биргелешип иштеши керек. Балдар үчүн ишеним телефондору да иштейт», - деди Байсалов.
Ал 550 социалдык кызматкер ишке киргизилгенин эске салды. «Анын ичинде оор социалдык абалдагы балдар, эмгек мигранттарынын балдары бар. Алардын бардыгына көз салуу үчүн бул штаттык бирдиктер киргизилүүдө», - деп түшүндүрдү ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн