Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 23:01
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту

04.11.2024 17:42
405
Минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен "Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү 2024" Улуттук өнүктүрүү форумунун алкагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы учурдагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча стратегиялык долбоорду алга жылдыруу жана министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулашты.

Тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн