Чын курандын 03, 2025
Убакыт: 03:33
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

Минкаб башчысы кооптуу аттракциондордун ишин токтотууну тапшырды

01.04.2025 18:21
63
Минкаб башчысы кооптуу аттракциондордун ишин токтотууну тапшырды


Бишкектеги Панфилов атындагы сейил бактагы окуядан кийин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине коопсуздук талаптарына жооп бербеген, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аттракциондордун ишмердүүлүгүн токтотуунун бирдиктүү тартибин тез арада иштеп чыгууну тапшырды. 


Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция да тиешелүү иштерди алып барууда.


Текшерүү иштеринин жыйынтыгынан соң юридикалык баа берилет. 


Эске салсак, күн мурун аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыз учурда ооруканада оор абалда жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн