Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Минкаб казинолордон тышкары оюн автоматтары менен букмекердик кеңселердин иштешине тыюу салууну сунуштады

20.10.2023 09:09
306
Минкаб казинолордон тышкары оюн автоматтары менен букмекердик кеңселердин иштешине тыюу салууну сунуштады


Министрлер кабинети оюн автоматтарынын, букмекердик кеңселердин жана казинолордон тышкаркы лотереялардын иштешине тыюу салууну көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.


Экономика жана соода министрлиги “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Документ кумар оюндарынын түрлөрүн бир жерге топтоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.


Долбоорго ылайык, оюн автоматтарынын залы, букмекердик кеңселер жана лотереялар оюн аянтчасында же казинонун өзүнчө бөлмөсүндө болушу керек. Бул учурда, казино жана оюн автоматтар залы бир оюн аянтчасы болуп эсептелет, анда бир ээси болот.


Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берери белгиленген.


«Мындан тышкары, бул республиканын жарандарынын арасында терс коомдук пикирди жаратышы мүмкүн болгон ар кандай типтеги оюн-зоок жайларынын (казино, букмекердик кеңселер) өзүнчө иштеген пункттарынын санын көбөйтүүгө жол бербейт», — деп айтылат документте.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн