Бештин айы 25, 2024
Убакыт: 23:53
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Минкаб менен "Росатом" шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол койду

25.12.2024 09:02
45
Минкаб менен "Росатом" шамал электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол койду


Министрлер кабинети менен "Росатом" корпорациясынын ортосунда шамал энергетикасы тармагында кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу корпорациянын сайтында жазылган.


Долбоорлоо иштери 2025-жылы башталары айтылды.


"Келишимге кол коюу достук мамиледеги эки өлкөнүн энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорун ишке ашырууда дагы бир кадам болду. Мамлекеттик корпорация шамал станцияларын куруу жана иштетүү үчүн зарыл болгон бардык компетенцияга ээ. Россияда шамал энергетикасы боюнча ишке ашырылган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 1 гигаватттан ашты", — деген "Росатомдун" башкы директору Григорий Назаров.


"Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстан менен биргеликте энергетика, ГЭСтерди куруу , медицина тармактарында стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда.


Эске салсак, 2024-жылдын сентябрында шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоорго ылайык, шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болуп, жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн