Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Минкаб мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт комплексин курууга уруксат берген жок

01.11.2023 11:15
237
Минкаб мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт комплексин курууга уруксат берген жок


Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спорт комплексин курууга уруксат бербей койду. Бул тууралуу ал жыйында билдирди.


Парламентарий буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен 2024-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын спорт зал курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү маселеси боюнча сүйлөшкөнүн белгиледи.


«Мындай бир дагы зал жок. Мен акча сурадым. Акылбек Жапаров муну карап чыгып, каражат бөлүүгө аракет кылаарын билдирген. Бирок, тилекке каршы, акча жок, издөөгө туура келет деген жазуу түрүндө жооп алдым», — дейт Дастан Бекешев.


Белгилей кетсек, буга чейин депутат мамлекетти ден соолук жана спорт инфраструктурасын жаңысын курууда жана эскилерин реконструкциялоодо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын муктаждыктарын эске алууга милдеттендирүүнү сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн