Баш оона 21, 2025
Убакыт: 16:19
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Минкаб төрагасы Тяньцзин шаарында ТВЕА корпорациясынын жетекчилиги менен жолукту

25.06.2025 15:13
113
Минкаб төрагасы Тяньцзин шаарында ТВЕА корпорациясынын жетекчилиги менен жолукту


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуунун алкагында Кытайдын ТВЕА корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син баштаган делегация менен жолукту.


Минкаб төрагасы ТВЕА корпорациясы көп жылдардан бери Кыргызстанда энергетикалык долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын белгиледи. 


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана республиканын энергетика тармагынын кубаттуулугун жана потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн