Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Минск шаарында эң төмөн. ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүктүн баасы кандай?

21.06.2023 09:43
655
Минск шаарында эң төмөн. ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүктүн баасы кандай?


Улуттук статистика комитети ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларындагы азык-түлүктүн баасын чыгарды.
Маалыматтар үстүбүздөгү жылдын май айына карата алынган.


Ага ылайык, биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата эң жогорку баа Москвада (жумурткадан башкасы).


Россиянын борборундагы бааларды сом менен айта турган болсок, уй этинин килограммы — 820 сом (Бишкекте 572 сом), сүттүн литри — 91 сом (Бишкекте 79 сом), жумуртканын 10 даанасы — 104 сом (Бишкекте 111 сом), биринчи сорттогу ун — 64 сом (Бишкекте 52 сом), картошка — 43 сом (Бишкекте 40 сом).


Ал эми айрым товарларга эң төмөн баалар Минск шаарында экенин көрүүгө болот. Мисалы, сүт 56 сом болсо, жумуртка 97 гана сом. Ал эми биринчи сорттогу буудай унун 41 сомдон алууга болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн