Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Минскте ЖККУ ЖККнын сессиясынын жыйынтыгы боюнча 15 документке кол коюлду

24.11.2023 09:01
268
Минскте ЖККУ ЖККнын сессиясынын жыйынтыгы боюнча 15 документке кол коюлду


Бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө болгон Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин декларациясы;

2. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун кризиске жооп берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

3. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен пресс-борбору жөнүндө Жобо тууралуу" ЖККУ ЖККнын чечими;

4. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен штабынын начальниги жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

5. "Тынчтыкка - биргеликте" медалын уюштуруу жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

6. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун аскерлеринин (Жамааттык күчтөрдүн) контингенттеринин ортосунда берилүүчү материалдык каражаттар (көрсөтүлүүчү кызматтар) үчүн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Сунуштар тууралуу" ЖККУ ЖККнын чечими;

7. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин жана атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн курамы жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

8. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмуна мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу контингенттеринин курамы жана жайгашуусу тууралуу Протокол жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

9. "Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия региондорунун тез жайылтуучу Жамааттык күчтөрдүн улуттук контингенттеринин курамы жана жайгашуусу жөнүндө Протокол тууралуу" ЖККУ ЖККнын чечими;

10. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Катчылыгында квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

11. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен штабынын Түзүмү жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

12. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

13. “2022-жылга Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" ЖККУ ЖККнын чечими;

14. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө" ЖККУ ЖККнын чечими;

15. "Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду, Уюмда төрагалык кылуу жөнүндө" ЖККУ ЖККнын протоколдук чечими.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн